AVN







МЕКЕНДИ КОРГОО ЫЙЫК МИЛДЕТ

МЕКЕНДИ КОРГОО ЫЙЫК МИЛДЕТ
 Feb 22, 2020  5271

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында “Мекенди коргоо ыйык милдет” – аталышындагы майрамдык концерт болуп өттү.  Майрамдык концерт  23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнү жана 15-февраль Советтик Аскерлердин Ооган Республикасынан чыгарылган күнүнө карата өткөрүлүп, аны маданий-эстетикалык борборунун адистери жана жаштар комитети тарабынан уюштурулган.

Университетин ректору т.и.д., профессор, Ооган согушунун ардагери  Усенов Кеңешбек Жумабекович - бул  майрам мекенге берилип кызмат кылуунун символу болуп саналат. Ата-Мекенди коргоочу — бул бир гана чеп бетинде турган жоокер эмес, өз элине ак эмгегин арнап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон жаран дагы Ата-Мекендин коргоочусу.  Ушул майрам күнү жүрөгү Кыргызстан, кыргыз жери деп соккон, мекенине күйгөн ар бир атуулубузга күч-кубат тилейм, чын ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, бейпил турмуш каалайм!

Ал эми биздин окуу жайда 6     Ооган согушунун  ардагерлери эмгектенет. Алар жаш муундарга билим берүү менен катар, аларды патриоттуулукка, мекенди сүйүп, ак эмгегин арноого тарбиялайт. Өз кезинде кан кечип, элге жай турмуш тартуулоо үчүн жаныңарды аябастан кызмат кылгансыңар. Мындан ары согуш болбосун, энелердин көз жашы акпасын. Сиздерге жалпы жамааттын жана студенттердин атынан терең таазим этем- деген тилегин билдирди.

 Концерттин жүрүшүндө мекенге арналган атуулдук ырлар студенттер тарабынан ырдалып, тамашоучулар ар кандай тамашалар менен келген коноктордун көңүлүн көтөрүштү. Бул күнү “ЖАМУнун вальсы” аталыштагы ырдын бет ачаары болуп, аны ЖАМУнун студенти Болот Юсуповдун аткаруусунда элге жаңырды.

Белгилей кетсек, ырдын сөзү ЖАМУнун кызматкери Нурия Жолдошалиевага,  обону: Окуу жайдын маданий эстетикалык борборунун жетекчиси Жусуп Масаитовго таандык.

  • МЕКЕНДИ КОРГОО ЫЙЫК МИЛДЕТ
  • МЕКЕНДИ КОРГОО ЫЙЫК МИЛДЕТ
  • МЕКЕНДИ КОРГОО ЫЙЫК МИЛДЕТ
  • МЕКЕНДИ КОРГОО ЫЙЫК МИЛДЕТ
  • МЕКЕНДИ КОРГОО ЫЙЫК МИЛДЕТ