AVN







БАҢГИЗАТТАР ЖАНА АЛАРДЫН ЗЫЯНЫ, СПОРТТУ ЖАНА СЕРГЕК ЖАШОО ЫҢГАЙЫН ҮГҮТТӨӨ”

БАҢГИЗАТТАР ЖАНА АЛАРДЫН ЗЫЯНЫ, СПОРТТУ ЖАНА СЕРГЕК ЖАШОО ЫҢГАЙЫН ҮГҮТТӨӨ”
 Feb 21, 2020  774

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында, “Баңгизаттар жана алардын зыяны, спорттук жана сергек жашоо ыңгайын үгүттөө” темасында лекция өткөрдү.

Лекцияны Мамлекеттик Бажы кызматынын Адистештирилген окуу борборунун директору, бажы кызматынын подполковниги Жээнбеков Нурбек Бекенович өтүп, жаштарды баңгизаттардан алыс болуп, сергек жашоого үндөдү.

Аталган иш-чараны  Экономикалык-юридикалык факультети Жалал-Абад колледжи менен биргеликте уюштурушкан. Ага  Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы э.и.д., профессор А.Аскарова, Жалал-Абад колледжин директору Турдубаева Б., окутуучулук жамааты, студенттери активдүү катышты.

Катышуучуларга кызыктуу жана түшүнүктүү болуу үчүн  атайын видео көрсөтүүлөр менен коштолду. Жаштардын патриоттук сезимдерин чындоо, аларды заманбап жана прогрессивдүү илим-билимге тынымсыз умтулууга жана сергек жашоо ыңгайын үгүттөө болду –деп билдирди   ЭЮФдун  тарбия иштери боюнча декандын  орун басары  З.А.Кошалиева.

  • БАҢГИЗАТТАР ЖАНА АЛАРДЫН ЗЫЯНЫ, СПОРТТУ ЖАНА СЕРГЕК ЖАШОО ЫҢГАЙЫН ҮГҮТТӨӨ”
  • БАҢГИЗАТТАР ЖАНА АЛАРДЫН ЗЫЯНЫ, СПОРТТУ ЖАНА СЕРГЕК ЖАШОО ЫҢГАЙЫН ҮГҮТТӨӨ”
  • БАҢГИЗАТТАР ЖАНА АЛАРДЫН ЗЫЯНЫ, СПОРТТУ ЖАНА СЕРГЕК ЖАШОО ЫҢГАЙЫН ҮГҮТТӨӨ”