AVN

КРНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫН ИШКЕ АШЫРУУГА КӨМӨКТӨШҮҮ

КРНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫН  ИШКЕ АШЫРУУГА КӨМӨКТӨШҮҮ
 Feb 21, 2020  756

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институту азыркы учурда Көк-Жаңгак шаарындагы М.В.Фрунзе атындагы №1, Ю.Гагарин атындагы №4, М.В.Ломоносов атындагы №6 орто мектептеринде кытай тили боюнча окуу пунктуларын ачып, эки жылдан бери тыгыз кызматташып келет. 2020-жылдын 17-февралында Көк-Жаңгак шаарынын Ю.Гагарин атындагы №4 орто мектебинин чоң жыйындар залында Конфуций институтунун жана аталган 3 мектептин жамаатынын, андагы кытай тилин окуп-үйрөнүп жаткан окуучуларынын катышуусунда иш-чара өткөрүлдү.

 Бул демилгени Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен Конфуций институтунун жамааты көтөрүп, “2020-жыл – региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” боюнча КРнын Президентинин Жарлыгын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында Көк-Жаңгак шаарындагы жогоруда аталган мектептерге материалдык-техникалык колдоо көрсөтүү максатында уюштурушту.

Иш-чараны мектеп директору Элмира Мирзахмедова ачып, өз сөзүндө мектеп окуучуларынын тил үйрөнүүгө ынтызарлыгын эске алып, аларга керектүү шарттарды ЖАМУ менен биргеликте түзүп берүүгө аракеттер болуп жаткандыгын кубануу менен айтып өттү. Андан соң окуучулар кытай мугалимдеринин жардамы менен үйрөнгөн кытай элинин ырларын, бийлерин, көркөм окууларды, ушу өнөрүн келген конокторго жана окуучуларга тартуулап аткарып беришти.

Салтанаттын жүрүшүндө Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов сөз сүйлөп, учурда аймактарга көңүл буруу, ар тараптан колдоо көрсөтүү мамлекеттик деңгээлде колго алынып жаткандыгын баса белгилеп, жалпы жамаатты КРнын Президентинин бул багыттагы Жарлыгын колдоого, ишке ашырууга көмөктөшүүгө чакырды. Өз сөзүндө окуучулардын терең билим алышын, келечекте өлкө үчүн эң керектүү кесиптерди тандоосун, ал максаттарын ишке ашырууга чын дилден тилектештигин билдирип, мектеп бүтүрүүчүлөрүн Кыргызстандагы эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Жалал-Абад мамлекеттик университетинен билим алууга чакырды. Сөзүнүн соңунда М.В.Фрунзе атындагы №1, Ю.Гагарин атындагы №4, М.В.Ломоносов атындагы №6 орто мектептеринин ар бирине бирден компьютер топтомун  белекке берди.

Иш-чаранын аягында Көк-Жаңгак шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Б.Ш.Маткаримов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.М.Сейдакматова сөз сүйлөп, ЖАМУнун жана Конфуцийдин жетекчилигине Көк-Жаңгак шаарынын билим берүүсүнө кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдиришип, Ыраазычылык дипломдорун тапшырышты.

  • КРНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫН  ИШКЕ АШЫРУУГА КӨМӨКТӨШҮҮ