AVN







БИЗ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫБЫЗ

БИЗ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫБЫЗ
 Feb 18, 2020  714

Бүгүн, 18-февраль күнү  ЖАМУнун Филология факультетинин Англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары студенттер менен биргеликте «Биз коронавируска каршыбыз» деген ураандын алкагында факультеттик денгээлде тарбиялык иш-чара уюштурушту. 

Студенттерге  коронавирус тууралуу кенири маалымат  баяндама  жана слайд шоу аркылуу берилди.  Дүйнө элдерин дүрбөлөңгө салган жугуштуу илдеттен сактануу ар бир жарандын колунда. Андыктан жаш муундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тазалыкты сактоо башкы милдет экени бүгүнкү иш-чарада айтылды.

 Филология факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Б.У.Молдобаева  вирустан коргонуу жолдорун айтып,  ар бир тамактанаар алдында колду жана бетти самын менен жууп, таза абада көп сейилдөө зарыл. Жаштар биздин келечегибиз, аталган вирус өмүргө коркунуч жараткандыгына байланыштуу, студенттерге жугуштуу оорудан алдын алуу максатында акысыз бет каптарды таркаттык – дейт ал.

  • БИЗ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫБЫЗ
  • БИЗ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫБЫЗ
  • БИЗ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫБЫЗ
  • БИЗ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫБЫЗ