AVN







КОРОНАВИРУСТАН – ТАЗАЛЫК САКТАЙТ!

КОРОНАВИРУСТАН – ТАЗАЛЫК САКТАЙТ!
 Feb 14, 2020  646

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин 150 студенти коронавирустун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чарага катышышты.  Пландаштырылган жадыбалга ылайык коронавирустун алдын алуу боюнча Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык  пунктунун врачы Н.К.Ибраимова тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында адистер менен жолугушуу болгонунун аталган факультеттин окутуучусу Ырыскан Батырова кабарлады.

Маалыматка ылайык, ден-соолукту чындоо борборунун даарыгери Кудайбердиева Жамиля «Коронавирус» жөнүндө толук маалымат беришип, алдын алуу жолдорун айтып өтүштү.

Иш-чарага катышкан студенттер аталган вирус жөнүндө төмөндөгүдөй  ойлорун билдиришти.

П-1-19 тайпасынын студенти Абдымомунова Гулдана өз сөзүндө, Коронавирус бул кытайдан чыккан оору экени баарыбызга маалым. Бул оору өтө тездик менен жайылып, дүйнө элдерин ойго салууда. Ооруну жугузгандардын саны 1500дөн ашып анын 500ү өлүп 200гө жакыны оорудан айыгышты деген маалымат жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтылууда. Андыктан ар бирибиз өз ден-соолугубузга кам көрүп, бүгүнкү дарыгерлер айткан алтын эрежен сактообуз керек.

ИЭТ-1-19 тайпасынын студенти Элбеков Аскат: менин оюм боюнча Кытайдан чыккан бул оору тез таркоодо, себеби кытайдын эли абдан көп жана ал элдер көрүнгөн бүт жаныбарлардын баары менен тирүүлөй тамактанышкандыктан болууда деп ойлойм . Мындан сырткары ЖМКлардан алынган маалыматтар боюнча оорудан айыккандар да бар экен. Дарыгерлер айткан эрежелерди так сактап, тазалыкты кармасак бардык эле жугуштуу оорулардан оолак болобуз деген ойду айтты.

  • КОРОНАВИРУСТАН – ТАЗАЛЫК САКТАЙТ!