AVN







ОКУУ ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

ОКУУ ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Feb 14, 2020  599

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде “Автоматташтырылган системалар жана математика” ПЦКсынын БАС жана ПОВТАС адистигинин 2-курсунун БАСк-2-18, БАСк-3-18, ПОВТАСк-01-19 тайпаларынын студенттерин окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү конференциясы болуп өттү.

Конференцияга ЖАКтын өндүрүштүк окуу боюнча директордун орун басары Ү.Кайкиева, ПЦК жетекчиси  Д. Калдарова,  тайпалардын практика жетекчилери Б.Маманова, А.Сатимбаева, Н.Мусакулова, Т. Исманова, К.Омуралиева, Л.Тагаева, Ж. Самиевалар катышышты.

Студенттерге практика мезгилинде кандай иштерди аткарууну жана кандай документтерди толтуруп, тактап келүү зарылдыгы туурасында  кеңири маалымат берилди. Практиканттарга жол карталары жана жолдомолору таратылды.

 Жетекчилер конференцияда практика боюнча техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо, жол карталар, практиканттын укуктары, милдеттери, отчетко коюлуучу талаптар, практиканын жыйынтыгын баалоо критерийлери тууралуу айтышып, кеңири түшүнүк берилди.

  • ОКУУ ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ОКУУ ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ОКУУ ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ