AVN







«ООГАН СОГУШУ ТАРЫХТА ӨЧПӨС ТАК»

«ООГАН СОГУШУ ТАРЫХТА ӨЧПӨС ТАК»
 Feb 13, 2020  1206

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасында «Ооган согушу тарыхта өчпөс так»деп аталган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

          Иш-чара 15-февраль «Ооган» Республикасынан Советтик аскерлерди алып чыгуусунун 31 жылдыгына карата уюштурулду.

          Кафедранын ага окутуучулары жана Ооган согушунун ардагерлери А.О. Шерматов, М.И. Мамытов жана Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын окутуучусу К.А. Сабировдор о.э. ПМТФнын деканы ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев, кафедранын жамааты жана социалдык иш адистигинин студенттери катышышты.

          Ооган ардагерлерине арналып студенттер тарабынан концерттик программа жана белектер тартууланды.

Ооган согушу 1979-жылы 25-декабрдан 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. Он жылга созулган бул согушта 13833 жоокер 1979 офицер каза болгон. Оор жаракат алган жоокерлердин саны 49985 жана офицерлердин саны 7132ни түзгөн. Майыптардын саны 6669 болсо, 300 жоокер кабарсыз жоголгон. 76 жоокер Советтер Союзунун баатыры, 200000 жоокер күжүрмөн орденинин ээси болуп, бардыгы 546255 жоокер кызмат өтөгөн.

  • «ООГАН СОГУШУ ТАРЫХТА ӨЧПӨС ТАК»
  • «ООГАН СОГУШУ ТАРЫХТА ӨЧПӨС ТАК»
  • «ООГАН СОГУШУ ТАРЫХТА ӨЧПӨС ТАК»
  • «ООГАН СОГУШУ ТАРЫХТА ӨЧПӨС ТАК»
  • «ООГАН СОГУШУ ТАРЫХТА ӨЧПӨС ТАК»
  • «ООГАН СОГУШУ ТАРЫХТА ӨЧПӨС ТАК»