AVN







БАЛДАР БИЗДИН БАКТЫБЫЗ

БАЛДАР БИЗДИН БАКТЫБЫЗ
 Nov 15, 2017  1265

ЖАМУнун чоң  Ж. Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары  студенттер менен жоолугушуп, ал өспүрүмдөрдүн концерттик программасы менен коштолду. Бул иш-чара ЖАМУнун педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы п.и.к., доцент Сапарбек Ажыкуловдун демилгеси менен уюшулган.

Белгилей кетсек  Октябрский айылында жайгашкан Ж. Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө  жалпы  36 уул-кыз  жашап, тарбияланат. Ошондой эле аталган үйдөн башчысынын айтымында Жалал-Абад мамлекеттик университетинен  жогорку билимге ээ болуп, турмушта өз ордун тапкан балдар кыздар бар. Учурда да окуп жатышат жана спорттук иш-чараларга активдүү катышып, байгелүү орундарды камсыздашууда.

Жоолугушуунун соңунда балдарды   ПМТФнын имараты менен тааныштырып,  андан соң  кичинекей досторго декандын белектери тапшырылды.

  • БАЛДАР БИЗДИН БАКТЫБЫЗ
  • БАЛДАР БИЗДИН БАКТЫБЫЗ
  • БАЛДАР БИЗДИН БАКТЫБЫЗ
  • БАЛДАР БИЗДИН БАКТЫБЫЗ
  • БАЛДАР БИЗДИН БАКТЫБЫЗ
  • БАЛДАР БИЗДИН БАКТЫБЫЗ
  • БАЛДАР БИЗДИН БАКТЫБЫЗ
  • БАЛДАР БИЗДИН БАКТЫБЫЗ