AVN







Өзбек Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу менен жолугушуу

Өзбек Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу менен жолугушуу
 Feb 13, 2020  710

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин АТФ окуу корпусундагы чоң залында, университеттин факультеттеринде Өзбекистандан келип окуп жатышкан студенттер менен Өзбек Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу Амонов Нодиржан Алихонович, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  атташеси Жунусов Автандил Арзыбекович менен  жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Өзбекистан Республикасынын билим берүү министрлигинин чет элдеги студенттердин мекенге кайтуусу жөнүндөгү  чыккан буйругунун негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушууда консул Н.А.Амонов Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жатышкан студенттер өз мекениндеги жогорку окуу жайларга которулуудагы иштердин ирээти, маселелери боюнча маалымат берди жана студенттердин берген суроолоруна кенен жооп берип, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган студенттердин которулуу жана тикеленүү боюнча жоболорунун окшоштугун баса белгилеп, келишимди, жоболорду бузбоого жана мыйзамдын чегинде иш жасоого чакырды.

Жолугушуу иш-чарасына университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору А.Д.Доранова, медициналык факультеттин деканы Ш.Т.Беркмамаматов катышышты жана которулуудагы маселелер боюнча өз маалыматтарын беришип, студенттердин суроолоруна жооп беришти.

  • Өзбек Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу менен жолугушуу