AVN







«КОРОНАВИРУС» - ДЕГЕН ЭМНЕ?

«КОРОНАВИРУС» - ДЕГЕН ЭМНЕ?
 Feb 13, 2020  1797

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледждин окутуучуларына жана студенттерине, университеттин медициналык  пунктунун врачы Н.К.Ибраимова тарабынан «Коронавирус» жугуштуу илдетинин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында адистер менен жолугушуу иш-чарасы өткөрүлдү .

Жолугушууда адистер “коронавирус” деген эмне? Анын зыяндуулугу жөнүндө кенен маалымат беришти жана буларга токтолушту: “Коронавирус” — (лат. Coronaviridae) — өзүнө 40 ка жакын вирусту камтыган жана анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта оор-курч респиратордук синдромго (ТОРС, “типсиз пневмония”) жана ичеги-карындын оорушуна алып келген жугуштуу вирус. Коронавирустар — өзүнө бир чынжырлуу РНК (рибонуклеин кислотасы) молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат,  ошол себептен бул илдет “коронавирус” деп аталат.

Илдеттин түшүндүрмөсү төмөнкүдөй: клеткага кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт. Алар иммунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок курч респиратордук инфекция (КРВИ) же сасык тумоо сыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан бейтаптар өлүмгө чейин дуушар болот. Себеби дарт дем алууну кескин кыйындатат.

Илдеттин тарыхы: Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.

  Илдеттен сактануунун эрежелери: өздүк гигиенаны сактоо менен ар бир жаран өз ден-соолугуна кам көрө алат. “Ар дайым тамактануу алдында, тамактан кийин жана  дааратканадан чыкканда колду самын менен жууп туруу зарыл. Себеби, колдун терисине бир канча жугуштуу бактериялар жабышып, ооз аркылуу ички органдарга өз таасирин тийгизет. Натыйжада жарандар ар түрдүү ооруларга кабылат”. Ошол себептен жугуштуу оруулардын алдын алуу максатында жогорку оку жайларында эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу максатында эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен дезинфекциялык режимди күчөтүү боюнча төмөнкүлөр сунуш кылынат:

  1. Жогорку окуу жайларында катуу жана жумшак эмеректерге залалсыздандыруу каражаттарын колдонуу менен нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлсүн.
  2. Ашкана идиштери бир жумада бир жолу 2% соода аралашмасында 15 минута кайнатылсын.
  3. Залалсыздандыруу каражаттарды колдонууда каражаттын көрсөтмөсүнүн  негизинде колдонулсун, жана коопсуздугун тастыктаган сертификаты болсун, ошондой эле залалсыздандыруучу каражаттарды колдонууда алардын сакталуу шарты жана сакталуу мөөнөтү эске алынсын.
  4. Студенттердин дене табы текшерилип, көзөмөлгө алынсын  жана дене табы 27,3 градустан жогору болгон учурда сөзсүз врачка кайрылсын.
  5. Залалсыздандыруу режиминин жүргүзүлүшү үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн жана санитардык-гигиеналык абал талапка ылайык сакталып,катуу көзөмөл алынсын.
  6. Аудиторияларда желдетүү режими сакталсын.
  7. Аудиторияларда жылуулук өлчоөмдорү 18-22 кармалсын.

Бул маалыматтарды ден-соолукту чындоо борборунун дарыгери Кудайбердиева Жамиля жана инфекциялык кабинеттин медайымы Тажимамат кызы Жанара жолугушуу учурунда айтып өтүштү.

  • «КОРОНАВИРУС» - ДЕГЕН ЭМНЕ?
  • «КОРОНАВИРУС» - ДЕГЕН ЭМНЕ?