AVN

Конфуций институтунда Жаны жыл майрамы болду...

Конфуций институтунда Жаны жыл майрамы болду...
 Feb 7, 2020  572

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунунун тил үйрөнүүчүлөрү менен Жалал-Абад колледжинин кытай таануу адистигинин студенттери биргеликте Кытай Жаңы жылын белгилешти. Окутуучулар -  Ли Гуолинг, Ванг Шупинг, Ли Шуган даярдаган иш-чара мыкты деңгээлде өткөрүлдү.  

Мында студенттер биргеликте кытай тилинде мезгил жөнүндөгү ыр-бийлерди аткарышып, валан кагаздарынан түрдүү фигураларды жасашып, кытай маданияты тууралуу фильм көрүшүп,  бири-бирине жылуу каалоолорду арнашты.

Кытайлыктардын Жаңы жылды тосуудагы өзгөчөлүктөрү жөнүндө окутуучулар слайд аркылуу түшүнүк беришти. Майрамды чогуу, айрыкча, үй-бүлө мүчөлөрүнүн толук катышуусу менен тосуу – кытайлыктарда өзгөчө мааниге ээ. “Дүйнө элдеринин ынтымагы бир үй-бүлөнүн ынтымагынан башталат”, - деген түшүнүктү бекем кармашат. Кечинде сыртка чыгып катуу кыйкырып, атайын коңгуроолорду каккылоону келе жаткан жамандыктарды кайтаруу деп билишет.

Өткөрүлгөн иш-чара таанып билүүчүлүк, маалымат алмашуу, ынтымак-достук жүгүн көтөрүп, студенттер үчүн пайдалуулугу менен максатына жетти. 

  • Конфуций институтунда Жаны жыл майрамы болду...