AVN







АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
 Feb 7, 2020  615

Кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасы кыргыз тили жана адабияты адистигинде окуган КТ-1-18, КТ-1-16, КТ-2-16 тайпаларынын ата-энелери менен жолугушуу уюштурду.

Кафедра башчысы ф.и.к., доцент Д.М.Чокоева чогулуштун максаты ата-энелер менен жакындан таанышып, алар менен ар түрдүү маселелерде байланышып туруу, алдыңкы студенттердин жетишкендиктерин, айрым студенттердин көйгөйлөрүн чечүү жана негизги билим берүүнүн программасы менен тааныштыруу экендигин айтты. Ата-энелер менен байланышта болуп туруу студенттин өзүн-өзү жакшы алып жүрүүсүнө, сабакты жакшы окуусуна өбөлгө болорун кошумчалады.

Ф.и.к.,доцент А.Оморов, ф.и.к.,доцент А.Кадырова мыкты окуган студенттерди белгилешип, алардын ата-энелерине ыраазычылык билдиришти.

Жогоруда аталган тайпалардын кураторлору - А.Токурова, А.Шерипбаев, А.Адыкулова ата-энелер оздөрүнүн уюлдук телефонуна “Кел бил” тиркемесин жүктөп алып, ал аркылуу студенттин кандай окуп жаткандыгы жана сабакка катышуусу жөнүндө кабар алып турса болорун түшүндүрүп беришти.

Чогулушка келген ата-энелер университеттин окуу системасы жана тарбия берүүсү боюнча анкета толтуруп, өздөрүнүн сунуштарын берип кетишти.

  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ