AVN







Конфуцийдин К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети менен Билимканадагы окуу пунктуларында отчеттук иш-чаралар болду...

Конфуцийдин К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети менен Билимканадагы окуу пунктуларында отчеттук иш-чаралар болду...
 Feb 7, 2020  632

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институту К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде он жылдай убакыттан бери, Билимканада эки жылдан бери кытай тилин окутуу жана кытай маданиятын жайылтуу боюнча иш жүргүзүп келе жатат. Ал жерде кытай окутуучусу Ванг Фей жана волонтер Жао Гы кытай тили жана тай чи искусствосу боюнча сабак беришет.

Аталган окуу пунктуларында отчеттук (жарым жылдык) иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чараларда окуучулардын, студенттердин кытай тилин үйрөнүү, өздөштүрүү деңгээли, сабак берип жаткан окутуучулардын ишмердүүлүгү көрсөтүлдү. Жүргүзүлуп жаткан иштерге баа берилип, студенттерди, окуучуларды тил үйрөнүүгө дагы да кызыктыруу, окутуучулардын тил үйрөтүү усулдарын туура пайдалануу маселелери ортого коюлду. Пайдалуу кеп-кеңештер айтылып, жылуу маанайда пикир алышуу менен жыйынтыкталды.

Жалал-Абад шаарындагы К.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинде кытай тили окутулгандан бери бир топ студенттер кытай тили боюнча сынактарды ийгиликтүү тапшырышып, Кытайда стажировкаларды өтөп келишти. Алдыңкы студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларынын магистратурасында билим алууну улантып жатышат.

  • Конфуцийдин К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети менен Билимканадагы окуу пунктуларында отчеттук иш-чаралар болду...
  • Конфуцийдин К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети менен Билимканадагы окуу пунктуларында отчеттук иш-чаралар болду...