AVN

Окуу процессин уюштурууга тиешелүү иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана сапатын жакшыртуу

Окуу процессин уюштурууга тиешелүү иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана  сапатын жакшыртуу
 Feb 1, 2020  539

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамына “Окуу процессин уюштурууга тиешелүү иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана  сапатын жакшыртуу“деген аталыштагы семинар өткөрүлдү.

Маалыматта семинарды ЖАМУнун окуу бөлүмүнүн адистери уюштурганы айтылат.

Семинар окуу процессине тиешелүү иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана окуу процессин окутуунун кредиттик технологиясы, студенттердин жетишүүсүн жана билим сапатын баалоочу модулдук-рейтингтик системасы боюнча окуу процессин уюштуруу жөнүндө өтүлгөн.

“Жаш адистерди даярдоодо алардын билим деңгээлинин сапаты жогору болуп, мыкты адис чыкса, ал биздин окуу жайдын жетишкени жана ийгилиги. Ошондой эле университеттин иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүү менен окуу жайдын билим сапатын бийиктетип, заман талабына ылайык иш алып бара алабыз. Ушул максаттарды көздөп, аталган семинарды уюштуруудабыз” – дейт окуу бөлүмүнүн башчысы Зульфия Сакбаева.

  • Окуу процессин уюштурууга тиешелүү иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана  сапатын жакшыртуу