AVN







СПИДГЕ КАРШЫ БИР АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ

СПИДГЕ КАРШЫ БИР АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ
 Nov 15, 2017  973

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 1-декабрь – Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата 14-ноябрь кунү 1-курстун студенттерине аталган илдет тууралуу маалыматтар берилип, лекция окулду. Аны Жалал-Абад облустук СПИДтин алдын алуу жана ага күрөшүү борборунун адистери тарабынан өткөрүлдү.

Адистин айтымында ВИЧ/СПИД  оорусу кан аркылуу, башкача айтканда ийне сайуу жана банги затын даярдоодо таза эмес шприц, ийне колдонууда, кулак көзөтүүдө, денеге сүрөт тарттыруу учурунда таза эмес аппарат колдонгондо жуктуруп алуу коркунучу бар. Ошондой эле башка устара, тиш щеткаларын колдонгондо, ВИЧке текшерилбеген  донорлук кан куюуда жана жыныстык жол аркылуу адамдар бири-бирине жугузуп алышат. Андыктан жаштарга жеткиликтүү маалыматтарды берип, бул оорунун алдын алуу биздин башкы максат – дейт ал.

Ал эми кошумчалай кетсек,  шаардык мэрия тарабынан 1-ноябрдан 1декабрга чейин Бүткүл Дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата “Дени сак эл – өнүккөн өлкө” урааны менен бир айлык өнөктүк жарыяланган.

  • СПИДГЕ КАРШЫ БИР АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ
  • СПИДГЕ КАРШЫ БИР АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ
  • СПИДГЕ КАРШЫ БИР АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ
  • СПИДГЕ КАРШЫ БИР АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ
  • СПИДГЕ КАРШЫ БИР АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ