AVN







«ЖАМУнун Жарчысына» жарыялануучу макалаларга коюлган талаптар:

«ЖАМУнун Жарчысына» жарыялануучу  макалаларга коюлган талаптар:
 Jan 27, 2020  1436

  1. Макаланын көлөмү А4 форматында 5 баракчадан кем болбостон Word 2007 редакторунда терилүүгө тийиш;
  2. Беттердин параметрлери: үстү - 2,2см, асты – 2,2см, оң жактан 2,2см, сол жактан - 2,2 см;
  3. Шрифт: times New Roman (кегель - 12), аралык – 1;
  4. Макаланын биринчи бетинин сол жак бурчунда УДК коюлат, андан кийинки жолчого макаланын аталышы чоң тамгалар менен борборлоштурулуп (кыргыз, орус, англис тилинде) жазылат. Кийинки жолчонун (бир чегинүү менен) оң жак бурчунан авторлордун аты – жөнү, инициалдары курсив менен (кегель11) алардын иштеген жерлери (кыскартылбастан) шаар, мамлекет, e-mail жазылат.
  5. Кийинки жолчолорго аннотация, урунтуу сөздөр кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылат. Аннотация 5 сүйлөмдөн кем эмес болуп изилдөөнүн маанисин чагылдыруусу, ал эми урунтуучу сөздөр 10дон кем эмес болушу шарт.
  6. Бир чегинүү менен кийинки жолчого макаланын негизги тексти келтирилет. Макаланын текстин бир нече бөлүктөргө бөлүү максатка ылайыктуу

 

УДК519.928                                                                                  

 

АНАЛИТИКАЛЫК ФУНКЦИЯЛУУ ВОЛЬТЕРРА ТИБИНДЕГИ

ТЕҢДЕМЕЛЕРДИН ИЗИЛДӨӨСYН АЛГОРИТМДӨӨ

АЛГОРИТМИЗАЦИЯ ИССЛЕДОВАНИЯ УРАВНЕНИЙТИПА ВОЛЬТЕРРА

С АНАЛИТИЧЕСКИМИ ФУНКЦИЯМИ

ALGORITHMIZATION OF INVESTIGATION OF VOLTERRAEQUATIONS WITH ANALYTICAL FUNCTIONS

 

Панков П. С. - КР УИА корр.-мүчөсү, Кыргызстан, Бишкек ш.

e-mail: pps5050@mail.ru

Мураталиева В. Т. - ф.-м.и.к., доцент, Кыргызстан, Жалал-Абад ш.

e-mail: vmuratalieva70@mail.ru

Аннотация: Аналитикалык функциялуу Вольтерра тибиндеги теңдемелерди изилдөө үчүн даражалуу катарлардын усулунколдонууда айырмалык теңдемелердинчексиз системалары пайда болот. Эгерде мындай система өтө татаал болсо, анда далил боло алуучу эсептөө усулдугунун төмөнкү ыкмасы сунуш кылынат.“Чектелбеген” система “чектелген бөлүккө” жана “чектелбеген, бирок жөнөкөй бөлүккө” бөлүнсө болот. Андан кийин компьютер татаал “чектелген бөлүктү” ыңгайлуу түрдө көрсөтөт. Бул көрүнүш боюнча адис теңдеме жөнүндө корутунду чыгарат.

Аннотация: При применении метода степенных рядов к уравнениям типа Вольтеррас аналитическими функциями возникают бесконечные системы разностных уравнений. Если такая система - слишком сложная, то предлагается следующий прием методики доказательных вычислений.«Неограниченную» систему нужно разделить на «ограниченную часть» и «неограниченную, но простую часть». Далее, компьютер представляет сложную «ограниченную часть» в удобном виде. По этому виду специалист делает вывод об уравнении.

Annotation: While applying of the method of power series to Volterra equations with analytical functions infinite systems of difference equations arise.If such system is too complicate then the following technique of the methodic of validating computations is proposed. The “unbounded” system is to be divided into “bounded part” and “unbounded but simple one”. Further, computer presents the complicated “bounded part” in an appropriate form. An expert makes a conclusion on the equation by this form.

          Ачкыч сөздөр: Вольтерра түрүндөгү теңдеме, алгоритмдөө, аналитикалык функция, даражалуу катар, далил боло алуучу эсептөө, интегро-дифференциалдык теңдеме

Ключевые слова: Уравнение типа Вольтерра, алгоритмизация, аналитическая функция, степенной ряд, доказательные вычисления, интегро-дифференциальное уравнение

Keywords: Volterra equation, algorithmization, analytical function, power series, validating computations, integro-differential equation

 

Негизги текст

_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

 

Адабияттар:

Панков П.С. Доказательные вычисления на электронных вычислительных машинах. - Фрунзе: Илим, 1978. - 179 с.

[2] Вирченко Ю.П., Витохина Н.Н. Алгебра последовательностей коэффициентов степенных рядов аналитических функций // Научные ведомости. Серия математика, физика. 2010. № 11(82). - Вып. 19. - С. 28-61.

[3] Панков П.С., Мураталиева В.Т. Cпектральные свойства линейных задач с аналити-ческими функциями // Доклады НАН КР, 2016, № 1. –  C.11-14.

М: Кириш бөлүм (мурда аткарылган, макала менен байланышкан жумуштарга анализ жана макалада каралуучу маселенин актуалдуулугун негиздөө);

Маселенин коюлушу; маселенин чечилиши; корутунду.

Негизги текстин аягында макалада колдонулган гана адабияттардын тизмеси шилтемелердин ирети боюнча келтирилет. Макалалардын тизмеси ГОСТ-7.1-2003 ылайык болуусу шарт. Сүрөттөр Paver Point 2007 де тартылып жана ар бир сүрөт номерленип аталышы болууга тийиш. Макалалар рецензиядан өткөрүлөт. Макалалар рецензиядан өтүп, басмага сунушталгандан кийин акы төлөө ишке ашырылат. Кабыл алынбаган макалалар боюнча авторлорго рецензенттин корутундусу жөнөтүлөт. Рецензияга жооптор кабыл алынбайт. Макалалар электрондук жана кагаз-жазма түрүндө кабыл алынат. Экөөсү калыптанышы боюнча бири-бирине дал келүүсү шарт. ҮЛГҮ