AVN







ӨЗДҮК ГИГИЕНА ЖАНА ЖЫНЫСТЫК ЖЕТИЛҮҮ

ӨЗДҮК ГИГИЕНА ЖАНА ЖЫНЫСТЫК ЖЕТИЛҮҮ
 Jan 23, 2020  749

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мед пунктунун кызматкери тарабынан «Өздүк гигиена жана жыныстык жетилүү»  теманын алкагында студенттерге лекция окулду.

Маалыматка ылайык, АРЗ борборунун координатору Закиряева Гульнур жана врач акушер-гинеколог Ташболотова Сейил аталган тема жөнүндө  түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

АРЗ борборунун координатору Г. Закиряеванын айтымында, өздүк гигиенаны сактоо менен ар бир жаран өз ден соолугуна кам көрө алат. “Ар дайым тамактануу алдында, тамактан кийин, дааратканадан чыкканда колду самын менен жууп туруу зарыл. Себеби, колдун терисине бир канча жугуштуу бактериялар жабышып, ооз аркылуу ички органдарга өз таасирин тийгизет. Натыйжада жарандар ар түрдүү ооруларга кабылат”.

“Дени  сак улут, күчтүү мамлекет” – өсүп келе жаткан жаш муун мамлекеттин келечеги. Андыктан, улан-кыздарга жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар жөнүндө маалымат берилди. Акушер-гинеколог С. Ташболотова, учурда коомчулукта көп таркап жаткан сифилис, СПИД, ганарея жана хламидиоз инфекциялары жөнүндө кеңири маалымат берип, алдын алуу жолдорун  айтып өттү.

  • ӨЗДҮК ГИГИЕНА ЖАНА ЖЫНЫСТЫК ЖЕТИЛҮҮ