AVN







ЖАҢЫРГАН ЖЫЛДА БАЛДАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ

ЖАҢЫРГАН ЖЫЛДА  БАЛДАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ
 Jan 22, 2020  701

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери жаштарга майрамдык маанай тартуулоо үчүн “Ак-жол” балдар үйүндө болушту.

         Башкаруунун автоматташтырылган системалары кафедрасынын студенттери жана окутуучулар  жааматы    “2020 - Жаны жылда” жогорудагы балдар үйүнө жардам  көргөзүштү. Аткарылган жардамдын максаты жаштарды  мээримдүүлүккө үндөө, балдар үйүндөгү өспүрүмдөргө келечекке үмүтүн жандантыруу, жакшы жүрүп турмушта өз ордун табууга стимул берүү максатында кабар алынды деп билдирет БАС кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Сапарбек Ажыкулов.

“Ата-эне мээриминен ажыраган наристелер коомдун мээримине муктаж. Андыктан ар биринин жашоодо өзүнө жараша орду, келечеги бар экенине шыктандырып, бул жолугушууну уюштурдук” – дейт С. Ажыкулов.

"Ак-Жол" балдар реабилитация  борборунда жалпы 20 бала тарбияланса, алардын 13ү эркек бала, 7өө кыз. Баардыгына  белектер тапшырылып, концерттик программа тартууланды. Мындай саамалык бул менен эле токтоп калбайт. Алдыда дагы аярлуу катмардагы жарандарга да көмөк көргөзүү тилектери бар экенин билдиришти.

  • ЖАҢЫРГАН ЖЫЛДА  БАЛДАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ
  • ЖАҢЫРГАН ЖЫЛДА  БАЛДАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ