Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин, факультеттер жана структуралык бөлүмдөр арасында “Ден соолук – 2020” аталышындагы спартакиадасы жыйынтыкталды.
Мелдешке жалпы 7 курама команда катышып, 8-январдан 12-январга чейин болду. “Ден соолук – 2020” аталышындагы спартакиадасында аялдар жана эркектер арасындагы командалар стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, шахмат, футбол, волейбол жана аркан тартыш оюндары боюнча күч сынашты.
Иш-чараны ЖАМУнун Ден соолук борбору ректорат менен биргеликте уюштурган.
Спартакиаданын соңунда жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.
Жыйынтыгында мыкты курама команда деп;
1-орун ректорат,
2-орун педагогика жана маалымат технологиялар факультети,

3-орун табигый-техникалык факультети,
4-орун медицина факультети,
5-орун филология факультети,
6-орун экономикалык-юридикалык факультети,
7-орун майда тейлөө персоналы