AVN







“ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ

“ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ
 Jan 14, 2020  735

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамынын арасында “Ден соолук – 2020” спартакиадасы уюшулуп, аркан тартыш спорттун түрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

Аркан тартышка эркектер жана аялдардан жетиден команда катышып, ар биринде бештен оюнчу болгон.

Мелдештин башкы калысы Ильяз Алиев, “Биздин окуу жайда ар жылы салт катары кышкы эс алуу учурунда спартакиада өткөрүлүп келет. “Ден соолук” спартакиадасында спорттун 6 түрү боюнча таймаш жүрүп, анын кызыктуу учурлар  аркан тартыш мелдешинде орун алат. Бул оюнда каруусу күчтүү жана ынтымактуу команда жеңишти багындыра алат” – дейт ал.

Спорт – ден соолуктун булагы болуу менен биргеликте жамаатты ынтымакка, достукка үндөйт. Ошондой эле ар бир мелдеш чоң атаандаштык менен жүрүп, ар бир оюндун жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыкка ээ болушканын кошумчалады.

Жыйынтыгында эркектер арасында;

1-орун администрациялык башкаруу персоналы,

2- орун табигый-техникалык факультети,

3-орун экономикалык-юридикалык факультети,

4-орун филология факультети,

5-орун педагогика жана маалымат технологиялар факультети,

6-медицина факультети,

7-майда тейлөө персоналы.

Ал эми аялдар арасында;

1-педагогика жана маалымат технологиялар факультети,

2-орун  экономикалык-юридикалык факультети,

3-орун  табигый-техникалык факультети,

4-орун  филология факультети,

5-орун майда тейлөө персоналы.

6-орун администрациялык башкаруу персоналы,

7-орун  медицина факультети.

  • “ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ
  • “ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ
  • “ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ
  • “ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ
  • “ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ
  • “ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ
  • “ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ
  • “ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ
  • “ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ
  • “ДЕН СООЛУК – 2020” АРКАН ТАРТЫШ