AVN







АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДИЛҮҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДА

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДИЛҮҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДА
 Jan 13, 2020  562

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү багытында келишимге кол коюлду.

ЖАМУнун Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын башчысы С. Ажыкулов жана КМЮАнын IT-академиясынын башчысы, т.и.к., доцент Н.Ж. Саитов менен биргеликте академиялык мобилдүүлүктүн негизинде келечекте биргеликте аткарыла турган иш-чаралар боюнча келишим түзүлдү.

“Жогорку окуу жайлар арасында ички академиялык мобилдүүлүктүн алкагында,  окутуучулардын жана студенттердин тажрыйба алмашууларын, өз ара кызматташууларын, окуу-усулдук, илимий-теориялык, практикалык, конференция, семинар, тренинг, дебат, дискуссия, маданий-массалык, спорт  тармактарында бир катар иштерди аткаруу пландалды. Ар бир аткарылган иш аракеттер эки окуу жайдын студенттеринин өсүп өнүгүүсүнө багытталат” – дейт С. Ажыкулов.

  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДИЛҮҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДА
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДИЛҮҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДА