AVN







ДААНЫШМАНДАР ТАЙМАШЫ

ДААНЫШМАНДАР ТАЙМАШЫ
 Nov 14, 2017  1074

 Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында 13-ноябрда шаардык  Жаштар комитети  уюштурган “Билим күч” интелектуалдык  оюну болуп өттү. Ал КРнын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жарыяланган  “Жаштар жумалыгын”  өткөрүү иш-чарасынын алкагында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюшулуп, шаардагы окуу жайлардан жалпы 9 топ оюнга катышышты.

Оюндун жыйынтыгында биринчи орунду ЖАМУнун атынан катышкан “Алтын ордо” тобу камсыздаса, экинчи орунду Жалал-Абад шаардык Жаштар коому ээледи. Ал эми үчүнү орунду Экономикалык жана ишкердик Эл аралык университетинин атынан келген оюнчулар тобу алды. Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланды.

Андан сырткары “Ден соолук өмүр сакчысы” аттуу спорттук иш-чара уюшулган, анын максаты студенттерди сергек жашоого үндөө. Футбол жана тогуз коргоол оюндары ойнолгонун ЖАМУнун жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов билдирди.

  • ДААНЫШМАНДАР ТАЙМАШЫ
  • ДААНЫШМАНДАР ТАЙМАШЫ
  • ДААНЫШМАНДАР ТАЙМАШЫ
  • ДААНЫШМАНДАР ТАЙМАШЫ
  • ДААНЫШМАНДАР ТАЙМАШЫ