AVN

ВОЛЕЙБОЛ ОЮНУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

ВОЛЕЙБОЛ ОЮНУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
 Jan 10, 2020  745

“Ден соолук – 2020” спартакиадасында волбейбол боюнча табигый техникалык факультети чемпион аталды. Мындай маалымат 9-январда волейбол оюнунун  финалында маалым болду.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун  “Ден соолук – 2020” спартакиадасынын башкы калысы Низамидин Абдурахимовдун айтымында, аялдар арасында волейболго 6 команда, эркектер арасында волейболго 7 команда катышкан. “Спартакиаданын алкагында волейбол оюну боюнча эки күн мелдеш жүрдү. Финалда мыкты оюнчулар аныкталып, аялдар арасындагы волейболдо табигый техникалык факультети биринчи орун, административдик башкаруу персоналы экинчи орун, педагогика жана маалымат технологиялар факультети үчүнчү орунду ээлеген. Ал эми эркектер арасында биринчи орунду административдик башкаруу персоналы, экинчи орунду майда тейлөө персоналы жана үчүнчү орунду табигый техникалык факультети алган”.

Аялдар арасындагы волейболдо;

4-орун филология факультети,

5-орун медицина факультети,

6-орун  экономикалык-юридикалык факултети.

Эркектер арасындагы волейболдо;

4-орун медицина факультети,

5-орун филология факультети,

6-орун педагогика жана маалымат технологиялар факультети,

7-орун экономикалык-юридикалык факультет.

  • ВОЛЕЙБОЛ ОЮНУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ