AVN







Профессионалдык -педагогикалык практикасын жыйынтыктоо конференциясы

Профессионалдык -педагогикалык практикасын жыйынтыктоо конференциясы
 Jan 9, 2020  555

Табигый-техникалык факультетинин “Биология” кафедрасынын Б-1-16 тайпасы профессионалдык-педагогикалык практкасын жыйынтыкташты. Мындай маалыматты жогорудагы кафедранын окутуучусу а.ч.и.кандидаты Бурулай  Жээнбекова билдирди.

 Маалыматта 2019-2020 окуу жылында  окуу графигинин негизинде  ТТФнын 550100 илимий билим берүү багытынын “Биология” профилинин Б-1-16 тайпасы 14.10.19-21.12.19 чейин  профессионалдык-педагогикалык практкада болушканы айтылат.

Ал эми 25 декабрда практиканы жыйынтыктоочу конференция  уюштурулду.

 “Биология” кафедрасынын кафедра башчысы б.и.к., доцент А.А.Токторалиевдин айтымында, конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  практика бөлүмүнүн жетекчиси Н.С.Жолдошалиева, Жалал-Абад шаарындагы орто мектептердин биолог-методист мугалимдери жана “Биология” кафедрасы тарабынан бекитилген практика жетекчи мугалимдери катышты.

Жалал-Абад шаарындагы орто мектептердин биолог-методист мугалимдери биология  адистигинин практиканттарынын билим деңгээлинин жана педагогикалык чыгармачылыгын көрсөтө алышкандыгын белгилеп өтүштү.

Практиканттар Г.Касымбекова   жана Эрназарова Айбийкеге бөлүнгөн мектептерге барып иштөөсүнө сунуштар түштү.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  практика бөлүмүнүн жетекчиси Н.С.Жолдошалиева “Биология” адистигинин практикант студенттеринин методикалык усулдары жана педогогикалык чеберчилиги жогору экендигин баса белгиледи дейт “Биология”  кафедрасынын окутуучусу а.ч.и.кандидаты Бурулай  Жээнбекова.

  • Профессионалдык -педагогикалык практикасын жыйынтыктоо конференциясы
  • Профессионалдык -педагогикалык практикасын жыйынтыктоо конференциясы