AVN







ЖАМУнун окутуучусунун илимий макаласы америкалык журналга жарыяланды

ЖАМУнун окутуучусунун илимий макаласы америкалык журналга жарыяланды
 Jan 9, 2020  1622

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеинин Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасынын окутуучусу Динара Канетованын  2 илимий макалалары америкадагы AIP журналынын 2019-жылдын декабрь айындагы санында жарык көрдү. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Сапарбек Ажыкулов маалымдады.

Анын айтымында,“On some completeness properties of uniform spaces”, “Some remainders properties of uniformspaces and uniformly continuous mappings” аталыштагы 2 илимий макаласы жарыяланган. AIP - импакт фактору 0,4 болгон, Web of Science жана Scopus базаларына кирген рецензиялануучу илимий журнал.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан Илим күнүнө карата жарыяланган конкурска катышып “Web of Science, SCOPUS, РИНЦте аталган Эң мыкты макала”сертификатына ээ болду. Жалпы Кыргыз Республикасы боюнча 30дан ашуун илимий макала катышып, анын ичинен 3 макала аталган сыйлыкка ээ болгонун кошумчалады ал.

  • ЖАМУнун окутуучусунун илимий макаласы америкалык журналга жарыяланды
  • ЖАМУнун окутуучусунун илимий макаласы америкалык журналга жарыяланды
  • ЖАМУнун окутуучусунун илимий макаласы америкалык журналга жарыяланды