AVN







“ДЕН СООЛУК – 2020” СПАРТАКИАДАСЫНЫН АЧЫЛУУ АЗЕМИ БОЛДУ

“ДЕН СООЛУК – 2020” СПАРТАКИАДАСЫНЫН АЧЫЛУУ АЗЕМИ БОЛДУ
 Jan 8, 2020  942

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ден соолук – 2020” спартакиадасы башталды. Ачылыш аземи 8-январда педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин спорттук залында орун алды.

Окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов “Ден соолук – 2020”  спартикадасынын катышуучуларына ийгилик каалап, жаңырган  жыл спорттук майрам менен башталды, жамаатка  жакшы маанай, бекем ден соолук жана ийгиликтер жыл бою болсун деген тилегин билдирди. “Спорт ден соолуктун булагы, биримдиктин, ынтымактын ачкычы. Оюнга катышып, өз ден соолугубузга кам көрүү менен достугубуз, биримдигибиз чыңалып, биргеликте жетишкендиктерди жаралы” – деген оюн айтты.

 Ден соолук борборунун директору Жоомарт Медербек уулунун айтымында, спартакиадага 7 команда катышууда, спорттун 6 түрү боюнча таймаш жүрөт. “Алгачкы күнү аялдар жана эркектер арасында волейбол оюну орун алды. Бул күнү күчтүүлөрдүн күчтүүсү тандалып чыгып, эртен, 9-январда финалдык оюнда  жеңүүчүлөр аныктала”.

  • “ДЕН СООЛУК – 2020” СПАРТАКИАДАСЫНЫН АЧЫЛУУ АЗЕМИ БОЛДУ
  • “ДЕН СООЛУК – 2020” СПАРТАКИАДАСЫНЫН АЧЫЛУУ АЗЕМИ БОЛДУ
  • “ДЕН СООЛУК – 2020” СПАРТАКИАДАСЫНЫН АЧЫЛУУ АЗЕМИ БОЛДУ