AVN

Конфуцийдин Көк-Жаңгактагы окуу пунктунда отчеттук иш-чаралар болду…

Конфуцийдин Көк-Жаңгактагы окуу пунктунда отчеттук иш-чаралар болду…
 Dec 31, 2019  657

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун Көк-Жаңгак шаарындагы  М.В.Ломоносов атындагы №6 орто мектептеги окуу пунктунда кышкы жыйынтыктоочу иш-чаралар болуп өттү. Аталган мекемеде атайын кытай классы уюштурулуп, тиешелүү шарттар түзүлүп берилген. Ал жерде кытай окутуучусу Ванг На жана волонтер Лио Ронг кытай тили боюнча сабак беришет.

Кытай окутуучулары даярдаган иш-чаранын максаты күзгү курсту жыйынтыктоо менен аткарылган иштер боюнча отчет берүү - жетишкендиктер жана кемчиликтерди анализдөө, жазгы окууну пландаштыруу болду. Ушул багытта ачык сабактар, сабактан сырткаркы иш-чаралар уюштурулуп,  окуучулардан кайтарым байланыш алынды.

Иш-чарага мектеп директору Юлдашев Эрнис Аттокурович өзү катышып, окуучулардын кытай тилин дилгирлик менен үйрөнүп жатышкандыктарын айтып, кытай окутуучусуна, волонтеруна ыраазычылык билдирди.

Бул окуу пунктунда эки жылдан бери кытай тили боюнча сабактар өтүлүп, окуучулар кытай тилин бир топ өздөштүрүп калышкан. Атайын планга ылайык кытай маданиятын үйрөтүүчү иш-чаралар да байма-бай өткөрүлүп турат.

  • Конфуцийдин Көк-Жаңгактагы окуу пунктунда отчеттук иш-чаралар болду…