AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
 Dec 31, 2019  670

Табигый-техникалык факультетинин «География» кафедрасынын Г-1-17 тайпасында «Кышкы сессияны тапшыруу алдында студенттердин катышуусу жана жетишүүсү» деген темада ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү.

Жыйынды Г-1-17 тайпасынын куратору А.Керимбекова ачып,  өз сөзүндө студенттердин катышуу-жетишүүсү, Kelbil программасы жөнүндө айтып, кышкы сессиянын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

“Уул-кыздарын билим алууга жөнөтүп, келечекте бир кесиптин ээси болот деген изги тилек менен  аларга шарт түзүшүүдө. Андыктан ата-энелер менен тыгыз иш жүргүзүп, окуу жайдын абалы жана алдыда аткарылуучу пландарды бөлүшүп туруу биздин милдет. Келечекке  жаш кадрларды даярдап, өлкөнүн билим тармагынын өнүгүүсүнө салым кошуу биздин бирден бир тилегибиз” – дейт Анара Керимбекова.

Жолугушууда ата-энелердин арасынан  Садыкова Гүлмира сөз сүйлөп, география кафедрасынын окутуучулар жамаатына ыраазычылык билдирип, сунуштарын, каалоо-тилектерин айтышты.

Тайпанын куратору жыйынга катышып отурган ата-энелерге терең ыраазычылык айтуу менен, окуу жайдын келечеги кең экенин баса белгиледи.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ