AVN

ЖАМУнун мыкты 3 студенти президенттик стипендия алышты

ЖАМУнун мыкты 3 студенти президенттик стипендия алышты
 Dec 30, 2019  1133

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3 студенти президенттик стипендия алышты. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков өлкөбүздөгү 31 жогорку окуу жайларынын 74 студентине мыкты окуган жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн мактоо баракчасын жана 50 000 сом өлчөмүндө стипендиясын тапшырды. Аталган стипендианттардын арасында табигый-техникалык факультетинин Х-1-17 тайпасынын студенти Назира Бешкемпирова, экономикалык-юридикалык факультетинин ФКк-1-16 тайпасынын студенти Наргиза Махамаджанова, педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин М-1-16 тайпасынын студенти Клара Эсенбаевалар да бар.

Президенттик стипендия жыл сайын мыкты окуган жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге берилет. Быйылкы жылы конкурска  184 студенттин документтери келип түшкөн. Атайын түзүлгөн комиссия  алардын ичинен 74 студентти президенттик стипендияга татыктуу деп табышкан. Аталган маалыматты Химия кафедрасынын  башчысы  Н.Б.Арстанбекова билдирди.

  • ЖАМУнун мыкты 3 студенти президенттик стипендия алышты