AVN







ЖАШТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ ИШТЕЛҮҮДӨ

ЖАШТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ ИШТЕЛҮҮДӨ
 Nov 13, 2017  1002

ЖАМУнун 3 студенти 9-10-ноябрда болуп өткөн 2020-2030-жылдарга Жаштарды өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу жыйынына катышып келишти. Ал Бишкек шаарындагы “Плаза” мейманканасыда өтүп, аны мамлекеттик жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттиги уюштурган.

Бул жыйынга жети дубандан жаштар өкүлдөрү келип, жаштарды өнүктүрүү концепциясын түзүшкөн.   Ал эми жалпы 150 жаран талкууга катышса, анын 21 жаш өкүлү Жалал-Абад облусунан барган, анын ичинен үчөө Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти болгон. Алар Адилет Усенов, Бегалы уулу Самидин жана Каныбек кызы Алина.

Салтанаттуу ачылуу аземине КРнын прьемер министри Сапар Исаков катышып, концепция “Кырк кадам” деп аталаарын билдирди.

  • ЖАШТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ ИШТЕЛҮҮДӨ
  • ЖАШТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ ИШТЕЛҮҮДӨ
  • ЖАШТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ ИШТЕЛҮҮДӨ
  • ЖАШТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ ИШТЕЛҮҮДӨ
  • ЖАШТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ ИШТЕЛҮҮДӨ