AVN







МАТЕМАТИКА-ИЛИМДЕРДИН ПАДЫШАСЫ

МАТЕМАТИКА-ИЛИМДЕРДИН ПАДЫШАСЫ
 Dec 28, 2019  2361

Жалал-Абад колледжинин Табигый-техникалык бөлүмүнүн Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсында “Математика-илимдердин падышасы” темада математикалык кечени өткөрүштү.

Бул иш-чарада БКМк-4-19 тайпасынын Данакерлер, БКМк-5-19 тайпасынын  Илим командалары сынакта  түзүлгөн пландын негизинде билимин жана талантын көрсөтүштүСынактын негизги максаты: студенттерди математика жана геометрия сабактарына кызыгуусун арттыруу жана логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү менен тактыкка, шамдагайлыкка тарбиялоо.

Ар бир команда алты пункттан турган номерлерди аткарышты. Айрыкча викториналык суроолор орун алып,  эки команда бир бирине активдүү суроолорду беришти жана жоопторун алышты. Данакер жана Илим командалары билим алуу багытына арналган интермедияларды аткарып, активдүулүктөрүн билдиришти. Атап айтсак: Маманова Гульнура, Дамирбек кызы Сезимай, Сабыржанова Айгул, Эрмаматова Тахмина, Акматкулова Гульназик. Жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге грамота берилди жана 80 упай менен биринчи орунду Данакер  командасы жеңип алды.

Эске салсак, Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын  окутуучулары Жумабаева Замира, Садыкова Наказа, Мамбеткожоева Анаркан, Бабакулова Гулкыз, Эсенбаева Назгул  математикалык кечени уюштурушкан. Бул кечеге Табигый-техникалык бөлүмдүн башчысы Кочкорбаев Асылбек, аталган ПЦКнын башчысы Калдарова Динара  жана Ветк-2-19, АТк-2-19, ТОИРАТк-2-19, УТк-2-19, БКМк-2-19, КМШТк-219 тайпаларынын студенттери катышты.

  • МАТЕМАТИКА-ИЛИМДЕРДИН ПАДЫШАСЫ