AVN







“ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ 2020”

“ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ 2020”
 Dec 28, 2019  925

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында бөбөктөргө арналган жаңы жылдык кече болуп өттү. Анда курчак театрынын артистери тарабынан жомоктор сахналаштырып көргөзүлдү.

Жаңы жылдык майрамга окуу жайдын профессордук-окутучуулар жамаатынын 12 жашка чейинки балдары катышып, таланттуулары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

ЖАМУнун социалдык  иш жана мамлекеттик тил  боюнча проретору А.Д.Доранова балдарды жаңы жылдык балаты майрамы менен куттуктап, достукка, ынтымакка үндөө менен биргеликте, балдарга бактылуу балалык каалады.

 Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы ф.и.к Р.К.Шамшиев бөбөктөргө узун өмүр, чын ден соолук жана жакшы окуп ата-энелерин кубантуу менен элдин керегине жараган уул-кыздардан болгула деген тилегинайтып өттү.

 Аяз ата, аяз кыз жана жомоктогу каармандар жаңы жылдык майрамына шаң кошуп, балдар менен биргеликте оюн-зоокторду аткарышып, активдүү жана таланттуулары окуу жай тарабынан даярдалган баалуу белектердин ээси болушту.

Келчек муунубуз   дайыма ушундай жакшы күндөрдүн күбөлөрү болуп бактылуу балалыктын доорун сүрүп, кыргыз элинин келчегине жараган мыкты уул-кыздардан болуп чоноюшсун!

  • “ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ 2020”
  • “ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ 2020”
  • “ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ 2020”
  • “ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ 2020”
  • “ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ 2020”
  • “ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ 2020”