AVN







ЖАМУда социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты

ЖАМУда социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты
 Dec 26, 2019  625

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2019-2020-окуу жылында окутуучулардын университеттеги менеджмент системасына, билим берүү процессинин уюштурулушуна канааттануусун аныктоо максатында социологиялык изилдөө жүргүзүлдү.

Бул маалымат өзүнө социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгында окутуучулардын университеттеги менеджмент системасына, билим берүү процессинин уюштурулушуна канааттангандыгынын негизги жыйынтыгын камтыйт. Социологиялык иликтөө университеттин 5 факультетинде жана 2 колледжинде жүргүзүлүп, төмөндөгүдөй суроолор берилип жооптор алынды:

 

1. Маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө:

1. Ооба, толук канааттанам: – 69.61 %

2. Толук эмес канааттанам: – 29.23 %

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 1,15 %

 

2. Квалификацияны жогорулатууга болгон мүмкүнчүлүккө:

1. Ооба, толук канааттанам: – 58.07 %

2. Толук эмес канааттанам: – 39.2 %

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 2.69 %

 

3. Эмгек акынын төлөнүү шарттарына:

1. Ооба, толук канааттанам: – 51,15 %

2. Толук эмес канааттанам: – 43 %

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 5,76 %

 

4. Эмгекти уюштуруунун жана жумушчу орундардын жабдылышынын шарттарына:

1. Ооба, толук канааттанам: – 50,38 %

2. Толук эмес канааттанам: – 43.84 %

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 5, 76 %

 

5. Эмгекти коргоонун жана анын коопсуздугуна:

1. Ооба, толук канааттанам: – 55 %

2. Толук эмес канааттанам: – 40.38 %

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 4,61 %

 

6. Университеттин жетекчилигинин Сизге болгон мамилесине:

1. Ооба, толук канааттанам: – 78,84 %

2. Толук эмес канааттанам: – 20,76 %

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 4, 23 %

 

7. Окутуучулардын университетти башкаруудагы чечимдерди кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүгү:

1. Ооба, толук канааттанам: – 59,61 %

2. Толук эмес канааттанам: – 35 %

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 5,38 %

 

8. Университеттин жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө:

1. Ооба, толук канааттанам: – 71,92 %

2. Толук эмес канааттанам: – 25 %

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 3,07 %

 

9. Сиздин эмгегиңиздин бааланышына:

1. Ооба, толук канааттанам: – 58,84 %

2. Толук эмес канааттанам: – 37.3 %

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 3,84 %

 

10. Администрация менен болгон мамилеңизге:

1. Ооба, толук канааттанам: – 73,84 %

2. Толук эмес канааттанам: – 24.23%

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 1,92 %

 

11. Кафедрадагы коллегаларыңыз менен болгон мамилеңизге:

1. Ооба, толук канааттанам: –86,15 %

2. Толук эмес канааттанам: – 13,46 %

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 1,15 %

 

12. Студенттер менен болгон мамилеңизге:

1. Ооба, толук канааттанам: – 81,92 %

2. Толук эмес канааттанам: – 16,92 %

3. Жок, такыр канааттанбайм: – 1,15 %

 

Изилдөөнүн жыйынтыгы:

Жүргүзүлгөн социологиялык изилдөө окутуучулардын университеттеги менеджмент системасына, билим берүү процессинин уюштурулушуна канааттануусу боюнча бир канча олуттуу жыйынтыктарды чыгарууга мүмкүндүк берет.

1) Окутуучуларды университеттеги маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө сурамжылого катышкан респонденттредин 70% жакыны канааттандыгын билдирген. Ал эми 30 % жакыны толук эмес канааттана тургандыгын айтышкан. Ал такыр канааттанбай тургандыгын 1% көбүрөөгү билдирген.

2) Квалификацияны жогорулатууга болгон мүмкүнчүлүккө окутуучулардын 40% жакыны толук эмес канааттана тургандыгын айтышкан.

3) Эмгек акынын төлөнүү шарттарына окутуучулардын 51% толук, ал эми 43% толук эмес канааттанышат.

4) Эмгекти уюштуруунун жана жумушчу орундардын жабдылышынын шарттары окутуучулардын жана кызматкерлердин 50 % толук жана 43% толук эмес канааттандырат.

5) Эмгекти коргоонун жана анын коопсуздугуна окутуучулардын жана кызматкерлердин 55% толук жана 40% толук эмес канааттанышса, 4% көбүрөөгү канааттанбай тургандыгын билдиришкен.

6) Университеттин жетекчилигинин окутуучуларга болгон мамилесине, университетти башкаруудагы чечимдерди кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө, университеттин жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө, окутуучулардын эмгектеринин бааланышына, админстрация менен болгон мамилесине, кафедрадагы коллегалары жана студенттер менен болгон мамилесине окутуучулардын көпчүлүгү канааттанышат. Бул маалыматты ЖАМУнун социологиялык иликтөө борборунун жетекчиси А.О.Шерматов даярдады.