AVN







Химиктер кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыкташты

Химиктер кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыкташты
 Dec 26, 2019  671

Табигый-техникалык факультетинин химия адистигинин Х-1-16 тайпасынын студенттери кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыкташты. Тайпада 13 студент билим  алса, алардын ичинен 4 студент Жалал-Абад шаарындагы №4-гимназия, 4 студент Р.Санатбаев атындагы №9-инновациялык мектебинде     2 студент Р.Азимов  атындагы №13 орто мектебинде,  2 студент Базар-Коргон районундагы М.Бабур атындагы №3-гимназия, №11- М.Алыкулов атындагы орто мектебинде, 1 студент №82 Б.Камбаров атындагы орто мектептеринде  практикаларын  өтөп келишти.

10 жумага созулган практиканын жүрүшүндө студенттер теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, бөлүнгөн тиешелүү класстарда химия предмети боюнча  сабактарды өтүштү, класстан  тышкаркы тарбиялык иштерди  жүргүзүштү.

Жыйынтыктоочу конференцияда ар бир студент практика мезгилинде жүргүзгөн иштери боюнча аналитикалык отчет тапшырып, ачык сабактардын фрагменттерин көрсөтүп беришти. Ошондой эле практикадан алган ой толгоолору, пикирлери менен бөлүшүштү. Конференциянын жүрүшүндө айрыкча практиканттар: А.Мырзанбетова, К.Абдукахарова, Кылычбек кызы Нурзаданын, Н.Курганбекованын өткөн сабактары өзгөчөлөнүп,“эң жакшы” деп бааланды.

Конференцияга ЖАМУнун практика бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева , “Химия” кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова жана профессордук-окутуучулук курам катышып, жетишилген ийгиликтерди,  сын-сунуштарды айтуу менен алдыдагы милдеттерди белгилеп өтүштү.

  • Химиктер кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыкташты
  • Химиктер кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыкташты
  • Химиктер кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыкташты