AVN







СИНЬЦЗЯНДАГЫ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

СИНЬЦЗЯНДАГЫ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Dec 26, 2019  759

Учурда Кытай Эл Республикасынын бир канча ЖОЖдорунда ЖАМУнун Конфуций институтунда билим алган студенттер кытай тили боюнча билимдерин өркүндөтүп жатышат.

2019-жылдын 14-декабрында ЖАМУнун, Конфуций институтунун жетекчилиги Үрүмчүдөгү Синьцзян университетинде кытай тили боюнча стажировкада, магистратурада, бакалавриат багытында билим алып жаткан студенттер менен атайын жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда ЖАМУнун ректору К.Ж.Усенов студенттердин ар тараптуу терең билим алуусу үчүн чет өлкөлөрдөгү бир канча жогорку окуу жайлар менен келишимдерди түзүп иштеп жатышкандыгын айтты. Бүгүнкү кыргыз жаштарынын дүйнөлүк алкакта маалыматтуу, билимдүү, өз өлкөсү үчүн керектүү адис болуп, Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө салымын кошушун каалады. ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунун жетекчилиги студенттердин тил үйрөнүү менен бирге өзүлөрүндө инсандык сапаттарды – кичипейилдикти, ак көңүлдүүлүктү, боорукердикти кошо калыптап баруу маанилүү экендигин кошумчалады.

Баарлашуу учурунда Синьцзян университетинин эл аралык тилдер институтунун директору Ванг Куи ЖАМУдан барган студенттердин билиминин жогору, тарбиялуу, аракетчил экендигин баса белгилеп, ушундай студентттерге таалим-тарбия берип жаткан ЖАМУнун жетекчилигине, жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Өз ийгиликтери менен ой бөлүшкөн студенттер чет өлкөдө билим алып жатып, туулган жерге болгон сүйүү сезимдери өзгөчө күчөп,  дүркүрөп өнүгүп жаткан Кытай жергесин ар тараптан таанып, илимдүү, билимдүү болуп, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салым кошом деген  патриоттук сезимдер менен окуп жатышкандыктарын билдиришип, ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жаткан ЖАМУнун жетекчилигине ыракматтарын  айтышты.

  • СИНЬЦЗЯНДАГЫ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • СИНЬЦЗЯНДАГЫ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ