Экономикалык – юридикалык факультетинде “Үй бүлөлөрдү жана балдарды психологиялык жактан колдоо” аталышындагытегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкери Мырзаев Кошмат, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси Базарбек кызы Умсунай жана ЭЮФтун окутуучулары, студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө темага байланыштуу видеотасмалар коюлуп, ар түрдүү тематикадагы сүрөттөр, баяндамалар, сунуш баяндамалар окулду.
Акыркы мезгилде кыргыз коомчулугунда зомбулукка кабылган балдар менен өспүрүмдөрдүн саны өтө көбөйдү. Ошондуктан иш-чарада коомдо күн сайын орун алып жаткан зордук-зомбулук жөнүндө талкуу жүрүп, жашы жете элек балдарга карата үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту, ырайымсыз мамиле жасоону, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана ички, тышкы мигранттын балдарын, ата-энелер балдарын көзөмөлсүз калтырбоо маселелери талкууланып, анын алдын алуу жөнүндө сунуштар айтылды –деп билдирди ЭЮФтун тарбия иштери боюнча декандын орун басары З.А. Кошалиева.