AVN







КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОЮНУ

КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОЮНУ
 Dec 25, 2019  858

Президентибиздин жарлыгы менен 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата Жалал-Абад колледжинин жетекчилиги  тарабынан,  Жалал-Абад шаардык “Атайын орто билим берүү” мекемелеринин студент кыздары ортосунда волейбол оюну уюштурулду.

       Бул мелдешти уюштуруу максаты; Жалал-Абад шаардык колледждеринде окуган студенттердин ортосундагы достукту,  карым-катнашты жандандыруу, волейбол оюнун өркүндөтүү жана студенттердин  ден соолугун  бекемдөөгө багытталган.

Оюндун жыйынтыгында;

1-орунду Жалал-Абад колледжинин кыздар командасы;  

2-орунду Жалал-Абад медициналык колледжинин кыздар командасы;  

3-орунду “Нур” Жалал-Абад колледжинин кыздар командасы  ээледи.

   Мындан сырткары бул иш чараны жандандыруу максатында шаардагы колледждердин дене тарбия окутуучулары менен биргеликте, 2020-жылдын февраль айынан тарта спорттун 8 түрү боюнча ай сайын оюндар уюштурулуп, 5 айдын жыйынтыгы менен жалпы командалык орундар чыгарылып, кубок, медаль жана баалуу белектерди берүү пландалды.

  • КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОЮНУ
  • КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОЮНУ
  • КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОЮНУ
  • КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОЮНУ