AVN

ЧЫНЫГЫ КҮЙӨРМАНДЫН ЭСИНДЕ КАЛГАН АКЫН КЫЗ

ЧЫНЫГЫ КҮЙӨРМАНДЫН ЭСИНДЕ КАЛГАН АКЫН КЫЗ
 Nov 13, 2017  1208

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 10-ноябрда акын, жазуучу, драматург Азада Бегимкулованы эскерүү кечеси болду. Акындын жаркын элесине арналып “Азадага таазим” аттуу ток-шоу уюштурулуп, анын туугандары, мугалимдер жана студенттер күбө болушту.

Мындай иш-чара “Азадабегим” коомдук фонду тарабынан ар жылы ар тараптуу  уюшулуп келет. Бул жылы жылдагыдан өзгөчөлөнүп, окуу жайдын мугалимдеринин катышуусундагы ток-шоу болду. Ага филология факультетинин кафедра башчысы Ыкыбал Жолдошбаева, педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин ага окутуучусу Камчы Сабиров, филология факультетинин усулчусу Бурул Гадаева, педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин доценти Кубаныч Ураимов, табигый-техникалык факультетинин ага окутуучусу Алтынай Болотова жана экономикалык, юридикалык факультетинин доценти Бегижан Алымкулов катышты.

Ток-шоунун алкагында конкурсанттар өзүн-өзү тааныштыруусу, акындын сөзүнө таандык обондуу ырларды аткаруу, жогорудагы аткарган ырды “Манастын” мотивина салып аткаруу  жана ошол эле ырды РЭП стилинде ырдоо болгон. Андан сырткары үй тапшырмасы Азадабегимдин чыгармаларына эргүү, анын жактырып бийлеген бийинен бийлөө жана сөз айкалыштарынан 2-3куплеттен турган ыр жазуу каралган.

Конурсанттар 3 топко бөлүнүп, берилген тапшырмаларды чеберчилик менен аткарып, акынды ордунан оодаргандай эле болду. Биринчи топ К. Сабиров жана Ы. Жолдошбаева, экинчи топ Б. Гадаева жана К. Ураимов, ал эми учүнчү топ А. Болотова жана                     Б. Алымкулов болду.

Иш-чарага катышкан агасы Эркин Бегимкулов – Мындай эскерүү жыл сайын туулган күнүнө карата өткөрүлүп келет. Бирок, бул жылы өтө өзгөчө болду. Көзү жок болгондон кийин  адамды эскерүүдө шаңдуу маанай менен өтпөйт. Антсе да бүгүн жакшы маанайда болду. Уюштуруучуларга терең ыраазычылыгымды билдирем, карындашымдын талантын баалап, анын атын түбөлүк сактоого чоң салым кошуудасыздар, ага экинчи өүр берүүдөсүздөр – деген оюн билдирди Э. Бегимкулов.

Ошентип ток-шоу жыйынтыкталып, калыстар тобунун чечими менен биринчи орунду      А. Болотова менен Б. Алымкулов ээлесе, экинчи орунду К. Ураимов жана Б. Гадаева багындырды. Ал эми үчүнчү орунга К. Сабиров, Ы. Жолдошбаева ээлеп, катышуучулар акчалай сыйлыкка ээ болушту.

  • ЧЫНЫГЫ КҮЙӨРМАНДЫН ЭСИНДЕ КАЛГАН АКЫН КЫЗ