AVN







КОНФУЦИЙДЕ «ЧИЛДЕ ТОСУУ» МАЙРАМЫ БОЛДУ

КОНФУЦИЙДЕ «ЧИЛДЕ ТОСУУ» МАЙРАМЫ БОЛДУ
 Dec 23, 2019  629

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунда салттуу иш-чараларынын бири – “Чилде тосуу” майрамы өткөрүлдү.

Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, студенттер  жамаатынан жана ар бир окуу пункутунан окуучулар жамаатынан өкүлдөр келип катышышты.  Кытай элинде чилденин түшүшү тарыхый мүнөзгө ээ болуп, анын урматына ар бир үй-бүлө чогулуп алып, чүчпара түйүп, бышырып жеп, бири-бирине сууктан эсен-аман чыгып алышын каалары слайдда фильм катары көрсөтүлдү. Окутуучу Ванг Шупинг чүчпараны кантип түйүүнү окуучуларга үйрөттү. Кытай тилинде чилде майрамына байланышкан кызыктуу суроолор берилип,  туура жооп бергендерге белектер тапшырылды.

Окуу жайдын ректору, профессор К.Усенов окуучулар менен чогуу чүчпара түйүү каадасына катышып, өз каалоосун билдирип жатып, мындай салт кыргыздарда эбактан бери эле сакталып келе жаткандыгын, алар чилденин түшүшүнө чоң жандыктардын этин кургатып даярдап кирерин айтып, эки элдин мезгилдик түшүнүктөргө болгон көз карашынын окшоштугун жер жүзүндөгү элдердин асманы, Жылдызы, Айы, Күнү бир экендиги менен, муну ата-бабаларыбыз ушул астрономиялык түшүнүктөргө ылайык белгилеп келгендиги менен ырастады.

Институттагы мындай иш-чаралар окутуучулар, студенттер, окуучулар жамааттарын ынтымакка чакырып, биргеликте иш алып барууга, тил үйрөнүүгө чоң өбөлгө түзөт.

  • КОНФУЦИЙДЕ «ЧИЛДЕ ТОСУУ» МАЙРАМЫ БОЛДУ
  • КОНФУЦИЙДЕ «ЧИЛДЕ ТОСУУ» МАЙРАМЫ БОЛДУ
  • КОНФУЦИЙДЕ «ЧИЛДЕ ТОСУУ» МАЙРАМЫ БОЛДУ
  • КОНФУЦИЙДЕ «ЧИЛДЕ ТОСУУ» МАЙРАМЫ БОЛДУ