AVN







“АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫНАН СҮРӨТЧҮЛӨР АЗЫК АЛАТ ”

“АЙТМАТОВДУН   ААЛАМЫНАН  СҮРӨТЧҮЛӨР  АЗЫК  АЛАТ ”
 Dec 21, 2019  730

“2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына”, “Тарыхта изи калган инсандарды эскерүү күнүнө”  жана  “Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө”  карата  медициналык колледжинде  студенттер арасында “Чынгыз Айтматовдун ааламынан сүрөтчүлөр азык алат”  деген темада сүрөтчүлөр сынагы өткөрүлдү.

Сынак студенттердин арасында достук мамилени чындоо, бири-бирине болгон карым-катнашты күчөтүү, жаштардын бош убактыларын максаттуу түрдө пайдаланууга үгүттөө, сүрөткө болгон таланттарын студенттер арасында жайылтуу максатында уюштурулган.

 Сүрөт сынагына сүрөттартууга кызыккан, таланттуу  жети студент катышты. Алар:

  1. Фарм-4-17 тайпасынан Темирлан кызы Изабелла
  2. Фарм-3-18 тайпасынан Меңдибай кызы Айназик
  3. Фарм-1-18 тайпасынан Муратова Тангүл
  4. Лд-1-17 тайпасынан Курбанбек кызы Аксамай
  5.  Фарм-3-17 тайпасынан Нурланбек кызы Акдана
  6. Фарм-4-18 тайпасынан Темирбек кызы Жылдыз
  7. Лд-1-17 тайпасынан Жумабай уулу Байжигит

Жыйынтыгында 1-орунду “Эң мыкты сүрөтчү” номинациясы менен  Муратова Тангүл,  2-орунду “Мыкты сүрөтчү” номинациясы менен  Меңдибай кызы Айназик, 3-орунду Курбанбек  кызы  Аксамайлар ээледи. Активдүү катышкан студенттерге Жаштар комитети тарабынан баалуу белектер берилди.

  • “АЙТМАТОВДУН   ААЛАМЫНАН  СҮРӨТЧҮЛӨР  АЗЫК  АЛАТ ”
  • “АЙТМАТОВДУН   ААЛАМЫНАН  СҮРӨТЧҮЛӨР  АЗЫК  АЛАТ ”
  • “АЙТМАТОВДУН   ААЛАМЫНАН  СҮРӨТЧҮЛӨР  АЗЫК  АЛАТ ”