AVN







КЫРГЫЗ СЫЙМЫГЫ

КЫРГЫЗ СЫЙМЫГЫ
 Dec 21, 2019  599

Медицина факультетинин Фармация кафедрасынын окутуучусу Фарм-1-17 тайпасынын куратору Рысова Асель  кыргыз элинин сыймыгы, улуу инсан, мамлекеттик жана саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130-жылдыгына карата ачык сабак өттү.

 Ачык сабактын жүрүшүндө А.Орозбековдун кыргыз мамлекетинин  түптөлүшүнө салымы чоң экендигин ошондой эле  башка улуттардын башын бириктирип жетекчилик кызматта эмгектенип, алгылыктуу иштерди аткаргынды жөнүндө айтып өттү.

Элинин келечеги үчүн ак эмгегин арнап, жаркын жашоо тартуулаган А.Орозбеков тууралуу  видеотасма жана буклеттер көргөзүлдү. “Улуу инсандардын басып өткөн жолун, мамлекет үчүн аткарып кеткен баа жеткис эмгегин эскерип, кийинки муунга үлгү катары көргөзүү биздин милдет. Жаштардын патриоттук сезими ойгонуп, булардан да өз заманынын улуу, кеменгер инсаны чыгат” – дейт А. Рысова.

  • КЫРГЫЗ СЫЙМЫГЫ