AVN







ЖАКШЫ КОШУНАЛАРДЫН СЕМИНАРЫ

ЖАКШЫ КОШУНАЛАРДЫН СЕМИНАРЫ
 Dec 21, 2019  637

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасында, “Балдардын укуктары жана зордук-зомбулуктун алдын алуу” аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү. Семинар “Good neighor ” – “Жакшы кошуналар” коомдук уюм тарабынан уюштурулуп, окутуунун инновациялык технологиялары лабораториясында болду.

Семинардын жүрүшүндө   балдардын укуктары жана зордук-зомбулуктун алдын алуу жөнүндө талкуу болду. Анда студент-тренерлер: Турдалиева Машрапкан, Акрамова Бегаим, Туракулова Үмүтай, Касымжан кызы Нурчайым, Бакиров Азамат жана Шакирова Шахло жогорудагы багыттар боюнча кеңири маалымат беришти.

Ошондой эле темага байланыштуу видеотасма  көрсөтүлп, темага ылайык пикирлер айтылды. Семинардын катышуучулары тарабынан ушундай темага байланыштуу семинарлар  көбүүрөк өтүлсө деген  сунуштарын айтышты.Студенттердин жеке демилгеси менен уюштурулуп, өткөрүлгөн бул иш-чарага БББТМ кафедрасынын башчысы, профессор С.С. Сакиева, доцент К.Ураимов, окутуучулар А.Төрөбекова,А.Шишкараева,Н.Мокуева,К.Ибраимов жана А.Райимкул к.Айжамалдар  катышып өз ойлорун айтышты.

  • ЖАКШЫ КОШУНАЛАРДЫН СЕМИНАРЫ
  • ЖАКШЫ КОШУНАЛАРДЫН СЕМИНАРЫ