AVN







“БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ- ТЕОРИЯ МЕНЕН ПРАКТИКАНЫН АЙКАЛЫШЫ”

“БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ- ТЕОРИЯ  МЕНЕН ПРАКТИКАНЫН АЙКАЛЫШЫ”
 Dec 21, 2019  724

2019-2020 окуу жылында  окуу графигинин негизинде  ТТФнын 550100 илимий билим берүү багытынын “Биология” профилинин Б-1-16 тайпасы 14.10.19-21.12.19 чейин  профессионалдык-педагогикалык практикасын  Жалал-Абад шаарына  караштуу (9,5,14,19,21,10) орто мектептерде практикада болуп, эки жарым айлык  жыйынтыктоочу  ачык сабактар болуп өттү.

      Мындай маалыматты “Биология” кафедрасынын кафедра башчысы б.и.к., доцент А.А.Токторалиев билдирди.

Студенттер практика учурунда календардык  тематикалык пландарды иштеп чыгуу усулдарын  өздөштүрүүсү, жаңы сабактарды  уюштурууда педагогикалык чеберчилиги, компетенттүүлүгү, окуучулардын арасындагы мамилеси, сабактарды уюштурууда  көрсөтмө куралдарды даярдоо жана колдонуу усулдары жана ошондой эле мектептин ички жана сырткы тартибине болгон мамилеси,   слайд видеофилимдерди колдонуу менен теориялык жактан  алган билимдерин  практика жүзүндө көрсөтө алышты. Биздин сыймыгыбыз болгон келечектеги эң мыкты педагог практиканттар жогорку деңгээлде  сабактарды уюштурду дейт “Биология”  кафедрасынын окутуучусу а.ч.и.кандидаты Бурулай  Жээнбекова.

  • “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ- ТЕОРИЯ  МЕНЕН ПРАКТИКАНЫН АЙКАЛЫШЫ”
  • “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ- ТЕОРИЯ  МЕНЕН ПРАКТИКАНЫН АЙКАЛЫШЫ”
  • “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ- ТЕОРИЯ  МЕНЕН ПРАКТИКАНЫН АЙКАЛЫШЫ”