AVN







АР БИР МУУН КАБАРДАР......

АР БИР МУУН КАБАРДАР......
 Dec 21, 2019  621

Жалал-Абад колледжинин Ветеринария ПЦКсынын окутуучулары тарабынан 1-декабрь Бүткүл  дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага ВЕТ, БКМ, МЧББ, АТк, БАС адистеринде окуган студенттер катышып,  СПИДге каршы күрөшүү борборунун дарыгерлери лекция окушту. Анда аталган илдет тууралуу кеңири маалымат айтылып, жаштарды ВИЧ/СПИД инфекциясына чалдыгып калуудан оолак болууну үндөштү.

 Аталган оору жугуштуу жана дарылоо жолдору жок экенин дарыгерлер белгилеп, ар бир адам өз ден соолугунун бекемдиги үчүн кам көрүү зарылдыгын билдиришти. “Учурдун өтө тездик менен жайылып жаткан чумасы жөнүндө өсүп келе жаткан ар бир муун кабардар болуп, өз ден соолуктарына сактык менен кам көрсө бул оорунун санын азайта алабыз. Андыктан жыл сайын бир айлык акция жарыялап, анын алкагында түрдүү иштерди жүргүзүүдөбүз” – дейт дарыгер.

  • АР БИР МУУН КАБАРДАР......
  • АР БИР МУУН КАБАРДАР......