AVN







КАЙРЫМДУУЛУККА ШАРКЫРАП АККАН СУУДАЙ БОЛ!

КАЙРЫМДУУЛУККА ШАРКЫРАП АККАН СУУДАЙ БОЛ!
 Dec 20, 2019  694

Эл аралык майыптар күнүнө карата “Биз биргебиз!” аттуу акциянын алкагында Экономикалык-юридикалык факултетинин  окутуучулары жана студенттер жааматы Жалал-Абад шаарындагы көзү азиз жана кулагы дүлөйлөр окуу өндүрүштүк мекемесине материалдык жардам көрсөтүү максатында ишкананын бухгалтериясына 2300 (эки миң үч жүз) сом акча тапшырып жана моралдык колдо көрсөтүп, чакан концертик программа тартуулашты.

Ишкананын жетекчиси Рахат Кутманова майыптардын көйгөйлөрүнө көңүлүн бурганына окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирди.

Статистикалык маалыматтар боюнча, ар бир өлкө калкынын 10 пайызын майыптар түзөт. Кыргызстанда 120 миңдей адам майып, анын ичинде 21 миң бала мүмкүнчүлүгү чектелип, бир мүчөсү кемип, ооруга чалдыккан.

Ден соолугу чектелген адамдарга коом көмөк көрсөтүшү милдеттүү!

  • КАЙРЫМДУУЛУККА ШАРКЫРАП АККАН СУУДАЙ БОЛ!
  • КАЙРЫМДУУЛУККА ШАРКЫРАП АККАН СУУДАЙ БОЛ!
  • КАЙРЫМДУУЛУККА ШАРКЫРАП АККАН СУУДАЙ БОЛ!
  • КАЙРЫМДУУЛУККА ШАРКЫРАП АККАН СУУДАЙ БОЛ!
  • КАЙРЫМДУУЛУККА ШАРКЫРАП АККАН СУУДАЙ БОЛ!