AVN







МЕКТЕП МЕНЕН БАЙЛАНЫШ...

МЕКТЕП МЕНЕН БАЙЛАНЫШ...
 Dec 19, 2019  540

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  студенттери Жалал-Абад шаарынын №6 орто мектебинде болушту.  Учурда жогорку окуу жайлар менен мектептердин ортосунда ар кандай багытта илимий-практикалык иш-чаралар тыгыз байланышта жүрүп келет.

Бул күнү п.и.к., доцент К. Ураимов “Сөз өстүрүүнүн теориясы жана методикасы көркөм окуунун практикуму менен” дисциплинасынан П-1-16 жана П-2-16 тайпалары менен бирге куурчак театрын уюштуруп, мектептин башталгыч класстарында болушту. Чыгармачыл топту жылуу маанай менен тосуп алышкан мектеп директору Г. Шерматова жана башталгыч класс мугалими Ф. Ташкенбаевалар мындай саамалыктардын тез-тез болуп турушу ЖОЖ менен Мектеп ортосундагы илимий-практикалык кызматташтыкты бекемдей тургандыгын белгилеп кетишти. Биздин 4-курстун студенттери кийинки семестерлерде да мындан да жаңы чыгармалар менен келип катышууну пландаштырып зор шыктануу менен кайтышты. Ошентип теориялык билимдердин практика менен бекемделиши уланып жатат.

  • МЕКТЕП МЕНЕН БАЙЛАНЫШ...