AVN







ДИНИЙ ТЕМАТИКАЛАРДЫН ЖАШТАРГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ ТАЛКУУГА ТүШТү

ДИНИЙ ТЕМАТИКАЛАРДЫН ЖАШТАРГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ ТАЛКУУГА ТүШТү
 Nov 13, 2017  1076

ЖАМУнун кичи жыйындар залында 8-ноябрь күнү “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу” долбоорунун  жыйыны болуп өттү. Ал жерде дин туурасында талкуулар болуп, ага окутуучулар, студенттер жана сырттан келген коноктор күбө болушту.

Анда Кыргыз Республикасынын радикалдашуусунда массалык маалымат каражаттардын жана социалдык тармактардын ролу,  ММК жана соц. тармактарда диний тематикалардын чагылдырылышынын Кыргызстан жаштарына тийгизген таасири жана маалыматтарды таркатуу жоопкерчили боюнча эксперттер тарабынан сөздөр айтылды.

Ал эми долбоордун максаты, дин жана демократия маселесин    ар тараптуу карап көрүү жана Кыргызстандагы диний жана светтик эксперттер менен жаштардын арасында кененирээк талкууну колдоо. Андан сырткары ишенбестик жана чыр-чатактарды кызыткан баяндамалар менен күрөшүү экенин уюштуруучулар белгилейт.