AVN







“БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ”

“БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ”
 Dec 19, 2019  636

Медициналык колледжинде 1-курсттардын арасында Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата  лекциялык сабак өтүлдү. Лекциялык сабакты Жалал-Абад шаарындагы СПИД борборунун кызматкерлери врач Мамашов Мыктыбек жана диспансердик бөлүмдүн  медайымы Орунбаева Уулкандар студенттерге СПИД оорусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Лекциялык сабакта СПИДден сактануунун жолдорун, 21-кылымдын чумасы болгон СПИД жана ВИЧ жөнүндө кенири маалымат берилди.  СПИД оорусуна кабылган адамдарга жардам берүү жагын да айтышып, студенттер менен суроо жооптор уланды.

Бул иш-чараны  медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева жана  Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү. Бул лекциялык сабакка Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү да келип катышышкан.

  • “БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ”
  • “БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ”
  • “БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ”