AVN







АКУШЕРЛИКТЕГИ АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕР

АКУШЕРЛИКТЕГИ  АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕР
 Dec 19, 2019  664

Медицина факультетинин Акушердик жана педиатрия кафедрасында,  “Акушерликтеги  актуалдуу маселелер” темадагы илимий –практикалык конференция уюштурулду.

Илимий-практикалык конференцияга факультеттин деканы Шамырбек Беркмаматов жетектеген профессордук окутуучулук курамы жана студенттер катышып, теманын алкагында баяндамаларды жасашкан.

Акушерликтеги эң актуалдуу маселе эне баланын өлүмү болуп саналат. Ар бир болочок эне, кошкат болгонго чейин жана кош бойлуу учурунда дарыгердин көзөмөлүндө болуп, анын кеңештерин аткаруу зарыл экенин баса белгиледи аталган кафедранын башчысы Нургүл Садырова.

Конференцияда теманын алкагында талкуу жүрүп, мыкты баяндамачыларга факультеттин громатасы ыйгарылды.

  • АКУШЕРЛИКТЕГИ  АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕР
  • АКУШЕРЛИКТЕГИ  АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕР
  • АКУШЕРЛИКТЕГИ  АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕР
  • АКУШЕРЛИКТЕГИ  АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕР