AVN







СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕЛЕР КЕСИПТИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ

СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕЛЕР КЕСИПТИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ
 Dec 19, 2019  501

Жалал-Абад колледжинин Социалдык иш адистигинин студенттери жана окутуучулары социалдык кызматкерлердин 30 жылдык кесиптик майрамына карата Жалал-Абал шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан “Сиздин жердешиңиз же болбосо кошуна, таанышыңыз, жоро жолдошуңуз, кары-картаңдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башка калктын аярлуу катмарындагы жарандар менен иштешкен кызматкерлдерди сыйлайт” деген максатта уюштурулган мааракеге барып катышып келишти.

Мааракеге КРнын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, мэрия, кайрымдуулук коомдор, филармония ж.б. башкармалыктын өкүлдөрү катышышты. Мында окутуучулар эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгын кызматкерлерине каалоо тилектерин айтышып, кубанычтарын тең бөлүшүп келишти. Ал эми аталган адистиктин студенттери ыр белек жана бий тартуулашты.